Ошто кутурган ит тиштеген 19 жаштагы жигит каза болгон. Ошол эле ит дагы бир аялды тиштегени айтылды

Кутурган ит тиштеген 19 жаштагы жигит Ошто ооруканада каза болгон. Ит аны тиштеген күнү дагы бир аялды тиштегенин бүгүн, 30-сентябрда SUPER.KG'ге Ош шаары боюнча оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев билдирди.

"15-сентябрда кутурмадан каза болгон 19 жаштагы жигит менен бирге ал ит дагы бир аялды тиштептир. Бирок ал дароо ооруканага кайрылып, тиешелүү эмдөөдөн өткөн. Ал аялдын айтымында аны ит аялдамада коомдук транспорт күтүп отурган учурда келип тиштеп алган. Студент баладан "эмне себептен дароо ооруканага кайрылган эмессиң" деп сураганыбызда ал "акчам жок" болчу деп жооп узаткан. Айта кетчү нерсе кутурмага каршы эмдөөлөрдүн баары акысыз. Ал нерселердин баары аймактык ооруканаларда дайыма жетиштүү деңгээлде турат", - деп билдирди Эралиев.

Эске салсак, июль айынын башында 19 жаштагы Баткен облусунун тургунунун колун кутурган ит тиштеп алган. Баланын абалы оорлошуп кеткенде гана ооруканага жеткирилген. 14-сентябрдан 15-сентябрга караган түнү саат 2:00 чамасында ал каза болуп калган.

Маалымат үчүн: Ош шаарында жолбун иттерди атуу иш-чаралары күн сайын жүргүзөт. Мындай иш-аракеттер таңкы саат 4:00дөн саат 8:00гө чейин уланат. Күн сайын шаарда жана шаар четиндеги талааларда орто эсеп менен онго жакын жолбун ит атылат. Мергенчилер атайын техника жана ок дарылар менен камсыздалган. Ал эми атылган иттер атайын чуңкурга көмүлүп, ал жай белгиленген убакыт аралыгында зыянсыздандырылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
monster_high_98
2018-09-30 14:49:09
Силер созунордо,аны бекер,муну бекер дей бересинер!Иш жузундо баарысы тескериси!Ар бир кароодон майда-чуйдо сомдорду алып туруп,тузук эле соросунар акчаны! Студент болсо каяктагы ашыкча акча,озундон артпайт.Жаткан жери жайлуу болсун
+23
Rifle_I
2018-09-30 22:08:34
Факт менен жазыңыз. Антирабическая вакцина ар дайым бекер болгон. Дагы эле бекер. Жок болуп квлышы, жетпей калышы мүмкүн эмес. Ар дайым запаста бар.
-3
rahat84
2018-10-01 10:39:51
monster_high_98, Кутурмага каршы дары-дармек, вакциналар, консультациялар бардыгы абсолютно бекер!!!! Болгону убагында, тиштеп алган куну же 3 кун аралыгында кайрылыш керек. Аны мамлекет каржылайт. Андан сырткары кургак учук оорусу, кант диабети менен ооруканада жаткандар да бекер дарыланышат.
-2
Feiza1982
2018-09-30 15:34:26
Айыл жергесинде ушундайларга алдын ала чара көрүп маалымат бербейсинерби адамдарга.
Эми бекер даары дармек деп чыга калбай ...
+12
rahat84
2018-10-01 10:44:01
Feiza1982, ФАП, ГСВдагы врач медсестралар дайым айтышат. ФАПтарда дубалдарда илинип турат. Аны окуп коюш керек.
-1
Pandora
2018-09-30 16:19:12
атып салбайбы? Не кылып журушот?
+13
Kymbatym
2018-09-30 19:13:10
бекер деп айта беришкен менен балким вакцинаны врачтар акчага сайышар
+8
xnurgul_gul
2018-09-30 20:44:56
Эч кандай бекер эмес даже гуманитарный помощь ка келген шприцтерди сатышатго кадимки аптеканын баасында
+11
gulnuraa
2018-09-30 21:29:38
Ооба эч кандай бекер эмес менин кызымды бир крыцага окшогон бир нерсе тиштеп алганда укол алдык 1800 тологонбуз.
+5
Rifle_I
2018-09-30 22:11:06
Кыргызстанда кутурмага каршы вакцина ар дайым бекер. Акча талап кылган учурлар болсо, ачык эле МЗКР кайрылса болот.

Комментарий жазгандын алдынан да бир аз ойлонуп жазсаңар. Безнаказанность порождает ....... деп эле жаза бергендин кереги жок.
Факт менен жазгыла, бцл ооруканада бул дарыгер вакцина сайып, акча алды деп.
Частный ооруканага кайрылып алып, башканын да башын айландырбай.
-3
monster_high_98
2018-09-30 22:51:55
Rifle_I,Озун врач окшойсун!Баштан откондо коросун даа,а так мындайда мамлекеттин созун суйлой бересинер!Бекердин куну буткон,козундогу очкинди алып,жашоого реааальный карачы!
+6
BoDiNur
2018-10-01 00:36:51
Rifle_I,ооба, мумкун бекердир, бирок элге маалымат толук жетпейт, копчулук билбейт кайсыл даары платно кайсыл даары бесплатно экенин, сурасан дарыгерлер деле бекерин бербейт, ошол даарыга окшош платныйын берет, мен мисалы 25ке чыктым, озум даары алып баштагандан бери эч бесплатный даары алган эмесмин
+3
Koichuman
2018-10-01 02:34:24
Кыргызбызда олойун дегенде корунобуз!жаткан жери жайлуу болсун жигиттин.
+2
Shaa-82
2018-10-01 10:59:45
Билбейм ай бекер дегендер акча алышып ататго. Мисалы кош бойлууларга бекер баары дейт анан эле ремонтко, балнкага, шприцке, спонсор болуп влажный салфетка ала келбединби, дагы бирдемкеге деп эле ар кайсы шылтоо табып акча сурашатго. Аларго эми болбогур тыйын болушу мумкун, бирок коп балалууларга ошол тыйын да акча да, бир нан алып алса да курсагы тоет.
+1
uli1234
2018-10-01 11:45:59
Врачтар бердида сататко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан