Карга акенин 300 жылдыгына карата өзү туулуп-өскөн Жети-Өгүз районунун Дархан айылында 7 күн 7 түн манас айтуу башталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 20дан ашуун манасчы катышары күтүлүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Манас айтуу 30-сентябрдан 6-октябрга чейин болот. Андан кийин кыргыз эстрада ырчыларынын, Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестринин коштоосундагы майрамдык салтанатта Карга акенин айкели ачылат. Иш-чаранын алкагында ат оюндары жана башка улуттук оюндар боюнча жарыштар болот.
Карга аке - (1718-1828) Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири. Ал Батыш Сибирь генерал-губернатору менен сүйлөшүү үчүн 1824-жылы элчи жиберүүгө демилге көтөргөн бийлердин бири. Карга аке кара кылды как жарган калыс болгондуктан, эл ичинде "калыстыкты Каргадан тап" деген сөз калган. Мындан тышкары "Жетимге санаалаш, жесирге каралаш бол", "Кайратты элден, келбетти жерден ал", "Тазалыкты суудан, ынтымакты туудан ал" деген накыл сөздөр Карга акеге тиешелүү деп айтылат.