Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна эс алуучу жай курулат

Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна эс алуучу жай курулат. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев маалымдады.

Маалыматка ылайык, жакында бишкектик архитекторлор арасында эс алуу аянтынын долбоору боюнча сынак жарыяланат.

"Өрттөнүп кеткен имараттын ордуна шаар тургундары жана коноктору эс алуу үчүн бакча салынат. Мындан сырткары шаарды жашылдандыруу жана жарандарды сергек жашоого чакыруу үчүн атайын аянтчалардын курулушу пландалууда", - дейт Түлөбаев.

Буга чейин Бишкек башкы архитектура ишканасы да күйүп кеткен имараттын ордуна эс алуучу аянтчанын курулушу пландалып жатканын билдирген.

Эске салсак, күйүп кеткен имаратты оңдоо үчүн тендер жарыяланган. Калыбына келтирүү иштерине Бишкек шаарынын бюджетинен 120 миллион сом бөлүү каралган. Бирок имараттын дубалдарынын 80 пайызы жараксыз деп табылып, тендер токтотулган.

Белгилей кетсек, аталган имарат 2010-жылдын 7-апрелинде өрттөлүп, ичиндеги документтер кошо күйүп кеткен. 2013-жылы ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова имаратты өрттөөгө айрым мамлекеттик кызматкерлердин катыштыгы болушу мүмкүн экенин, анткени айрым кылмыш иштери боюнча материалдар дайынсыз жоголуп кеткенин айткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erikkarakulja
2018-10-01 08:58:41
ушундан коро мектеп ачып бергилечи ссссууууррррраааааанннннааааммм.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан