Мамлекеттик чек ара кызматы 8 ай ичинде өлкөдөн сыртка чыккан 12 миллионго жакын адамды каттады

Мамлекеттик чек ара кызматы ушул жылдын 8 ай аралыгында өлкөдөн сыртка чыккан 11 миллион 776 миң 600 адамды каттады. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдалды.

Берилген маалыматка ылайык, бул убакыт аралыгында өлкөнүн аймагына 792 миң 600 унаа каражаты жүргүнчүлөрү менен өткөрүлгөн.

Мындан тышкары 320 адам жасалма документ менен келгени аныкталып, 1380 киши депортацияланган. Өткөн жылдын август айынан ушул жылдын август айына чейин Мамлекеттик чек ара кызматы УКМК менен биргеликте террористтик уюмга тиешеси бар деген 14 адамды кармап, тиешелүү органдарга өткөрүп берген.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2018-10-01 08:32:29
АР бирин 6,7 жолудан каттай берген эмеспи, өзүбүз 6млн калк болсок, мейли туристтерден 2,3млн келишсин, башкасын кайдан алышты.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан