Ош жана Айдаркен шаарларында Чек ара кызматына чакыртылган 800дөн ашуун жоокер мекенге кызмат кылууга ант берди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Аскердик ант алгандан кийин чек ара сакчылары Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы окуу борборлорунда окуудан өтүүнү улантышат. Андан соң чек ара кайтаруу тарамдарына кызмат кылууга жиберилет.
Ант берүү аземине облус жана шаар жетекчилери, жоокерлердин жакындары, Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагерлери катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.