Башкы прокуратура коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке 32 миллион 402 миң 135 сом которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура каражатты 28-сентябрда которгон.
Бирдиктүү эсепке прокуратура органдары тарабынан жалпы 123 миллион сом өлчөмүндөгү акча которулган.
Айта кетсек, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.