Москва-Ош аба каттамы аркылуу уча турган учак 100 жүргүнчүсү менен 13 сааттан бери кармалууда

Москва-Ош каттамы менен кечээ, 30-сентябрда кечинде келе турган учак дале келе элек. Түнкү рейс эртең менен саат 6:30га жылдырылган. Бирок учурда аталган рейс дагы белгисиз убакытка жылдырылды.

Буга чейин "Ош" эл аралык аэропортуна кайрылганыбызда, 30-сентябрда саат 22:35те уча турган рейс эртең менен саат 6:30га которулду, саат 11ге чейин Оштогу аэропортко келип конушу керек деп билдиришкен. Бирок учурда аба каттымынын жүргүнчүлөрү дале учакка отура электиги аныкталды.

"Эртең менен Ош шаарына келе турган рейстин убактысы жылдырылды. Болжол менен саат 14:25те Ош аэропортуна келип конот", - деп билдиришти аба майданынан.

Ал эми аба каттамын аткарып жаткан AviaTraffic компаниясына байланышканыбызда, комментарий берүүдөн баш тартышты.

Эске салсак, кечээ, 30-сентябрда саат 8:30да Ош-Москва аба каттамы менен уча турган Boeing 737 үлгүсүндөгү учактын алдыңкы шассисиндеги дөңгөлөк жарылып, учак токтотулган. Жүргүнчүлөрдү Москвага жеткирүү үчүн Бишкектен учак жөнөтүлүп, 9 сааттык кармоодон кийин абага көтөрүлгөн. Окуяны жеринен иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, атайын инспектор кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
haydarkan
2018-10-01 11:20:35
Точно авиа трафикти жаап салыш керек
+4
Safiya91
2018-10-01 11:27:17
Ииий эртен саат 11де мен да ушул авиа каттам учам Крга. Аман эсен жетип алсак экен. Арзандын ашы татыбайт болуп жатат акыркы убакта. Эмнеге мындай задержка болуп жатканын тактап билип берсенер жакшы болмок суперчилер.
Жакын арада кеткендер точно багажы канча кг экен? Билетке 25кг деп жазылыптыр билгендер жазып койгулачыыы.
+3
ali1995
2018-10-01 11:55:16
Эч нерсе уюштурганмес даже тамак бербептир
+2
bond02
2018-10-01 12:50:42
Ушул авиатрафикти Кыргызстандан чийип салуу керек окшойт.
+2
Chagylgan2
2018-10-01 16:07:59
Мындай авиакомпанияны бийлик эмнеге кармап турат?! Акуйдогу кайсы бир олигархка караштуу болгону учунбу же?!

Бул авиакомпанияга караштуу самолеттор ар кандай кооптуу жагдайларга кабылып келет. Ушул кунго келип бул боюнча баа берген эч ким жок. Окмоту да, башкасы да.

Каттоодон отуп тундон тан аткыча 10-12 саат залда куткон жургунчулорду тамак-аш, суу менен камсыз кылбаган авиакомпания тууралуу эмне десе болот?! Окмоттон бири чыгып кабар алып тапшырма берууго жарабаптырб
0
Chagylgan2
2018-10-01 16:11:17
Мындай авиакомпанияны жоюп эле салгыла. Оз жургунчулоруно элементарный мамиле кылууну билбеген авиакомпанияны.. Самолеттору эски, эптеп учуп журот.

Качан гана самолет кулап, бир канча жуз адамдын омуру кыцылганда гана эсинерге келесинерби, бийлик?! Ошондо гана ызылдап "айтпадым беле" деп чыгасынарбы?!! Ага чейин лозунарга талкан салып кормоксон болуп отурушунар керек, ошондойбу?!! Бетинер бет эмес бетондон окшойт, бийликтеги жепжутарлар.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан