"Транспорт министрлиги 2016-жылы жолдорду оңдоо боюнча 351 миллион сомдук зыян алып келген" дейт Эсептөө палатасынын төрагасы

Транспорт жана жолдор министрлиги 351 миллион сомдук мыйзам бузууларга барган. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев Талас-Тараз жолун оңдоодо 61 миллион сом сол чөнтөккө кеткени боюнча маалымат айтып, бюджеттин көзөмөлү боюнча суроо салган.

Эсептөө палатасынын төрагасы чынында мыйзам бузуу болгонун билдирди.

"2016-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинин Балыкчы-Корумду, аэропортко кеткен жолдорду оңдоодогу 351 миллион сомдук тартип бузуулары аныкталган. Бул боюнча материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп бергенбиз", - деди Марипов.

Бул боюнча аталган министрликтин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына бир аздан кийин жооп бере турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан