"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов Бажы кызматынын төрагасын тартипке чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.
"Кореядан унаа ташыган ишкерлер айтып жатат, "биз Кореяда телефон менен бүтүргөн жумушту бул жакта акчасын төлөп да 1-2 күн күтүп калабыз" деп жатат. Бажы кызматында иштегендер чегинен ашып кетиптир, тоготпой, өздөрүнчө "борзый" экен. Көзөмөлгө алып, тартипти сактабасак болбойт. Ушундай мамиленин айынан мектеп, ооруканалар курулбай отурат. Биз аталган кызматтагы көп жетекчилерди көргөнбүз. Сизге окшоп бакылдап аягында түрмөдө жүрүшөт. Азыр сизди жандап, колдогондор эртең карабай кетет, тартипти көзөмөлдөп, татыктуу иштеңиз", - деди Нышанов.
Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков тартипти көзөмөлгө аларын билдирди.