Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилиги өлкөдөгү мамлекеттик органдарды чет мамлекеттерде өткөрүлгөн иш-чараларга катыша турган адистерди тандоодо кылдат болууга чакырды. Аталган мекеменин билдирүүсүнө ылайык, туура эмес тандалган адистер мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен өлкөнүн имиджине зыян келтирүүдө.
"Тактап айтканда, ушул жылдын июнь айында Сеулда жыл сайын уюштурулуучу "ImportGoodsFair" эл аралык көргөзмө өткөн. Ал иш-чара Корея импортерлор ассоциациясы Соода, өндүрүш жана энергетика министрлиги, Тышкы сооданы жана инвестицияны жакшыртуу Корей агенттиги жана Эл аралык соода боюнча Корея ассоциациясынын колдоосу менен өткөрүлгөн.
Мындай иш-чараларда Кореянын импортерлору, түрдүү компаниялардын өкүлдөрү чет өлкөнүн Корея рыногуна чыгуу ниети бар ишкерлери, өкүлдөрү менен жолугушат. Ага Кыргыз өлкөсүнөн жергиликтүү азыктарды өндүргөн бир катар ишканалар менен кошо "Кыргыз Республикасынын курорттор ассоциациясы" да катышкан. Аталган ассоциациянын катышуусун Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сунуштаган.
ТИМдин аталган министрликке таянуу менен берген маалыматына ылайык, "Курорттор ассоциациясынан" Мирлан Усубалиевдин жетекчилигинин алдында Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбеков катышмак.
Буга байланыштуу Кыргыздын Кореядагы элчилиги аты аталган жарандарга виза жагынан жардам көрсөткөн. Бирок, тилекке каршы, Рысалиев менен Мирбеков ошол бойдон өлкөгө кайткан эмес. Муну менен алар Кореянын миграция мыйзамын бузду. Алардын мындай кадамдары Корея бийлигинин Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик органдарына негативдүү мамилесин жаратып, ишенимин жоготот", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле элчилик өзүнүн билдирүүсүндө бул Кыргыздын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери Кореяга келип, анын мыйзамдарын бузуп, өлкөнүн имиджин бузган биринчи көрүнүш эмес экенин белгилеген.