Кыргыз жериндеги белгилүү инсандардын илимий эмгегинен уурулук табылды. Алардын арасында Акылбек Жапаровдун аты аталды

Бүгүн, 1-октябрда Орусиянын “Диссернет” деп аталган ыктыярчылар коому Кыргыз жериндеги белгилүү 20 адамдын илимий эмгеги уурулук менен жазылганын жарыялады. Аталган коомду негиздеген физик Андрей Заякиндин айтымында, дагы 50 адамдын эмгегинде уурулук бар экенин Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Бүгүн тизмеси жарыяланган адамдардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун да аты аталды. Акылбек Жапаров буга чейин аталган жагдай боюнча SUPER.KG'ге түшүндүрмө берген.

Аталган коом ушул жылдын июнь айынан тартып Кыргыз жеринде жазылган илимий эмгектерди текшере баштаган. “Диссернет” деп аталган ыктыярчылар 2013-жылы түзүлүп, андан бери Орусияда миңдеген илимий эмгектерге экспертиза жүргүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2018-10-01 12:05:16
Бироонун эмгегин оздору таптык деп жар салып жургондор коп болчу озу бизде.Ушуну туура кылышыптыр баарын текшерип онулировать этиш керек
+2
taalay25
2018-10-01 12:16:00
Таджикистанда бир окумуштуу мал чарбачылык боюнча илимий эмгекти коргоп натыйжасында орус окумуштуусунун эмгегин уурдап алганы ашкере болгон. Бар болгону анын чочко деген терминди кой деп гана озгортуп озу ээси болуп алган
+2
almanbetperm
2018-10-01 12:30:06
Супер, аткалган дегенинер неси?
0
al-abu-kinesz
2018-10-01 13:02:39
Акча уурдаганы аз келгенсип акыл да уурдап...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан