Башкы прокуратура: "Президенттин эс алуудагы сүрөттөрүнө жазылган сөздөр боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат"

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун эс алуу учурунда көл жээгинде түшкөн сүрөттөрүнө текст кошуп, президент сүйлөп жаткандай көрүнүштү көрсөтүп мем жасаган дизайнер Никита Тарасенко боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

"Аталган маселе боюнча бир аял УКМКга арыз менен кайрылган. Алар материалды Башкы прокуратурага жөнөтүшкөн. Дизайнер Башкы прокуратурага 29-сентябрда чакырылган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Буга чейин дизайнер аталган мекемеге чакырылганын айтып чыккан. "Президент тууралуу мем боюнча түшүнүк кат жаз деп бүгүн Башкы прокуратурага чакырышты. Эмне болуп жатканын мен дагы, прокуратура кызматкерлери да түшүнгөн жок окшойт. Түшүнүк катта сүрөткө жазылган сөздөрдүн себебин, маанисин жазышым керек экен. Башында баары олуттуу мамиле кылганга аракет кылышты. Кийин чогуу күлүп эле узатып коюшту. Президенттин кадыр-баркына санаа тарткан бирөө арыз жазыптыр", - дейт Тарасенко.

Айта кетсек, август айынын башында президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдө эс алган. Анын эс алуудагы сүрөттөрүн президенттин басма сөз кызматы жарыялагандан кийин сүрөттөр интернетте талкуу жараткан эле. Дизайнер да интернеттеги баракчасына сүрөттөрдөн мем жасап жүктөгөн.

Президенттин көл боюнда, жалгыз кайыктын жанында турган сүрөтү коомчулукта өзгөчө талкуу жараткан эле. Мындан улам SUPER.KG порталы ошол сүрөткө ат коюу боюнча таймаш өткөргөн. Сүрөткө мыкты аталыш жазган жеңүүчү окурмандардын добуш берүүсү менен аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан