Мамлекеттин менчигинде турган "Ак кеме" мейманканасы сатылышы мүмкүн

КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов "Ак кеме" мейманканасын иштете албаган соң сатуу керектигин айтты. Бул жөнүндө ал бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтты.

"Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд силер "Ак кеме" мейманканасын эмнеге кармап отурасыңар, ичине кирип карагыла, дубалдары көчө баштады. Баары бир иштете албагандан кийин эмнеге мейманкананы сатпайсыңар?!" - деди Мадеминов.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев депутатка жооп кылып, бүгүнкү күндө 76 объект бизнеске сунуштоого даярдалып жатканын, анын ичинде "Ак кеме" мейманканасы да бар экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Samash-87
2018-10-01 12:44:50
Сат,сат,мат эч нерсе калтырбай саткыла
+3
patiydin
2018-10-01 13:23:09
Мейманкананы сатбай эле озубуздон чыккан ишкерлерге узак монотко ижарага берген макулго. Дагы акылдуулук кылып башка олконун окулдоруно же болбосо алардын кучукторуно сатып жибербегилечи.
+3
taalay25
2018-10-01 13:58:35
Арендаторго арендага бер
+1
pat12
2018-10-01 15:42:41
Ак кеме мурда менчик болчу. Окмот басып алган. Эми кайра сатат, кийинки окмот кайра басып алат.
0
Chagylgan2
2018-10-01 16:03:07
Сат сат сат, колтугундун жунун сат.

Соке да мурункулардын изи менен бара жатат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан