Боом капчыгайында атайылап таш кулатуу иштерине байланыштуу, маал-маалы менен унаа жолу жабылып турмакчы

Боом капчыгайында бүгүн, 1-октябрдан тарта 19-октябрга чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынан билдиришкендей, 1-19-октябрь күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129, 131 жана 132-чакырымдарында тоо боорундагы таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Ага ылайык, унаалар үчүн жол кыймылы эртең мененки саат 9:00дөн саат 15:00гө чейин жабык болот.

наа жолунда 30-40 унаага чейин тыгын пайда болгондо таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турмакчы. Таш кулатуу иштери күндүз жана күн ачык мезгилде, иш күндөрү гана жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан