Депутат: "Сырттан алынган насыялардын бир тыйыны да бюджетке түшпөй жатат"

Депутат Акылбек Жапаров сырттан алынган насыялык каражаттарды республиканын бюджетине түшүрүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда айтты.

"Эң негизги маселени айтып коюшум керек. Сырттан алынган насыялардын бир тыйыны да биздин бюджетке түшпөй жатат, мунун айынан мурунку 2 өкмөт башчы абакта жатат. Кытайлык Эксимбанктан алган насыянын, алтернативдүү жолду салууга алынган кредиттин бир тыйыны да бюджетке түшкөн эмес. Мен мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайм, насыялардын бардыгы бюджетке түшүп, андан соң тийиштүү жерлерге бөлүнүшү керек", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан