Президент менен премьер-министр пенсияны жана дарыгерлердин айлыгын көтөрүүнү талкуулашты

Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пенсияларды жана дарыгерлердин айрым категорияларына айлыктарды жогорулатууну талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан таратышты.

Премьер-министр өлкө башчыга 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пландаштырылган пенсияны жогорулатууга даярдык тууралуу маалымат берди.

"Мамлекеттик кирешенин жогорулашынан кийин орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзөт. Ошол эле учурда пенсиянын өлчөмүнө жана төлөгөн камсыздандыруу акыларына жараша пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү 7,1%дан 18 пайызга чейин көбөйөт. Башкача айтканда, пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% өсөт", - деп айтылат маалыматта.

Абылгазиев ушул жылдын 1-октябрынан тартып стимулдаштырылган төлөмдөрдүн эсебинен үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатыларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Saidochka
2018-10-01 14:31:32
Мугалимдерге качаан?
+4
HanTegin
2018-10-01 15:21:40
Saidochka, мен да ошону сурайын дегем
+2
Erik2018
2018-10-01 15:06:09
Айлык акыны көбөйтүү учур талабы. Президент туура кадамга барып жатат. Дарыгерлер аз айлык менен иштеп жүрүшөт. Эми мугалимдердики деле көбөйөт болуш керек.
+1
filis
2018-10-01 15:32:12
Ашып кетсе 100-150 сомго которот. Ошо менен айлык которду деген атка конот. Сокеден коп деле умут артпай калышты.
+2
Rysik17
2018-10-01 15:50:20
Эмнеге уй-булоолук дарыгерлер тобунун айлыгы кобойду? Негизи стационарда иштеген кызматкерлердин айлыгы которуш керек
+1
Rysik17
2018-10-01 15:53:26
Уйбулоолук дарыгерлер тобунда кыйратып иштеген Адам жок
+1
Chagylgan2
2018-10-01 16:51:45
Ошол эле учурда пенсиянын өлчөмүнө жана төлөгөн камсыздандыруу акыларына жараша пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү 7,1%дан 18 пайызга чейин көбөйөт. Башкача айтканда, пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% өсөт", - деп маалыматта.
______

Кайра эле маяналар азаят экен да. Эл озу биртке маяна алса, аны да ага-буга деп кармап кала берсе, эл кайсы акчага жашайт?!
+1
Chagylgan2
2018-10-01 16:55:40
Ансыз да маянанын аздыгынан эл тентип журот талаалап. Эми пенсияга маянадан кобурок кармалып калчу болсо, эл пенсия жашына жетпей эле каза боло баштайт го?! Ансыз да бир омур иштеп пенсиясын корбой олуп кетип жаткандар кун санап осуудо.

Бир омур иштеп, Окмотко толтура акча которгон мугалим, врач менен бир омур уйдо отурган уй кожойкелери бирдей пенсия алууда. Муну кандай тушунсо болот?! 1000 сом кыстарса 5000 сом менен пенсияга чыгарышууда.
+1
Chagylgan2
2018-10-01 16:58:04
30-40 жыл эмгектенип пенсияга чыккан мугалим болсо 3000-4000 сом пенсия алат, бул кандай жорук?! Дагы пенсияны кобойтобуз деп коет. Бул тармактагы коррупцияны жойсонор болбойбу, элден акча талап кылгыча?!!

Соке сен жыргатпай турган болдун!!! Кайсы арына пенсиялык камсыздоону кобойтуп жатасын?!!
+1
beka666
2018-10-02 00:47:01
Айлыкты бир аз которуп, эптеп элдин унун басайын дешкенго, аркабызда очойгон тышкы карызыбыз турат, коррупция менен курошуп жатабыз дегендери менен жыйынтык болбой келуудо, булар курошпой эле атаандаштарын жок кылуу менен алектенип жатышат, президентибиздин кызматка келгенине бир жылдын жузу болуп калса да эч бир алгылыктуу иш жургузбой, жон гана эски корупциялашкан кочту улантууда,жарыбаган мин сом учун ажообузду шайладык,акыйкатты корбой жатат кыргыз эли,ушунчалык ишенчээк,ээрчиме калк экенбиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан