Москва-Ош аба каттамы аркылуу кечээ уча турган учак бүгүн түштө Ошко келип конду

Москва-Ош каттамы менен кечээ, 30-сентябрда кечинде келе турган учак бүгүн түштө Ош шаарына келип конду. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда SUPER.KG порталына "Ош" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Москвадан 100 жүргүнчүсү менен Ошко кечээ түнү уча турган учактын рейси 2 ирет жылдырылып, 13 сааттык кармалуудан кийин Ош калаасына келип конду.

"Москва-Ош аба каттамы саат 14:00 чамасында "Ош" эл аралык аэропортуна келип конду" деп билдиришти аба майданынан.

Мындан сырткары Ош-Москва багыты боюнча бүгүн уча турган эки рейс токтотулганы айтылып жатат. Бул окуя боюнча аба каттамын аткарып жаткан AviaTraffic компаниясы комментарий берүүдөн баш тартышууда.

Эске салсак, кечээ, 30-сентябрда саат 8:30да Ош-Москва аба каттамы менен уча турган Boeing 737 үлгүсүндөгү учактын алдыңкы шассисиндеги дөңгөлөк жарылып, учак токтотулган. Жүргүнчүлөрдү Москвага жеткирүү үчүн Бишкектен учак жөнөтүлүп, 9 сааттык кармоодон кийин абага көтөрүлгөн. Окуяны жеринен иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KAYRATBEK
2018-10-01 15:21:56
""Авиа трафик"" компаниясы 2кундон бери рейстерге жетишпей ото кыйналып жудоп турган кези.

Учактары да эски Алла сактасын дагы.
+3
Koichuman
2018-10-01 15:25:41
Авиа трафик жопкерчилиги жок компания мен билет алсам эрте мененки рейс болчу аэропортко барсам эрте мененки рейс жок кечкиге жылдырылган дешти билет саткан эжеге айтып коюшбаптыр.
+2
emir_muslima
2018-10-01 15:26:39
Эмнеси болсо дагы эсен аман конуп алышыптыр
+1
Дарыгер
2018-10-01 15:44:34
Авиатриффикти учурбай койсо деле ыраазымын. Анын ордуна башка компания пайда болсо жакшы болмок. Жоопкечиликтуу!!!
+2
Sahka
2018-10-01 17:14:40
Акыркы 2-3 Россия багытын бут ОЗУ ташып жаткандан элестеткиле пайданы. Авиапаркты жанылап компанияны онуктуруу деген жок да бизде. Тапкан акчасын бекитип качан эскирген самалеттор ОЗУ кыйрап жок болгондо ойлонот. Мисал; Москвадан кунуно 2-3 самалет Ошко учат именно Авиатркфиктики
+1
Jigitchem
2018-10-02 01:12:16
Учсан эле орустардыкы менен уч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан