Президенттик аппараттын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүнө тамашалуу сөздөрдү кошуп мем жасаган дизайнерге дооматы жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
"Карикатуранын авторуна да, карикатуранын өзүнө да президенттик аппараттын эч кандай дооматы жок. Башка окурмандар сыяктуу эле президент Сооронбай Жээнбеков бул сүрөттөрдү социалдык тармактардан көрүп, эл катары эле күлгөн. Ошол бойдон ал сүрөттөр унутулуп калган. Анан эле Башкы прокуратуранын маалыматы пайда болду. Ачыгын айтсак, бул президенттик аппарат үчүн жагымсыз маалымат болду", - деди Стамалиева.
Башкы прокуратура президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуу учурунда көл жээгинде түшкөн сүрөттөрүнө текст кошуп, президент сүйлөп жаткандай көрүнүштү көрсөтүп мем жасаган дизайнер Никита Тарасенко боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген.