Футбол боюнча Орусия курама командасынын дарбазачысы Игорь Акинфеев улуттук курамдагы карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу маалымат Орусиянын футбол союзунун сайтында жарыяланган.
"Ар бир тарыхтын башталышы жана аягы бар. Менин дагы улуттук курамадагы тарыхым аягына жетти. Өз талаабызда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Орусия курамасын оюн талаасына капитан катары чыгарганым мен үчүн чоң сыймык болду. Чынын айтканда мен мындайды кыялданган дагы эмесмин. Бирок бул нерсе ишке ашты жана карьерамдагы эң чоң жетишкендик болду", - деп айтат Игорь Акинфеев.
32 жаштагы Акинфеев Орусия курама командасында 2004-жылдан бери ойноп келген. Курама команда менен 2008-жылы өткөн Европа чемпиондугунда коло медалды тагынып, 2018-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунда Испания менен беттеште пенальтилер сериясында 2 соккуну кайтарып, командасын чейрек финалга чейин чыгарган. Жалпы эсепте Игорь Акинфеев Орусия курама командасы менен 100дөн ашуун беттеште катышкан.