Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары пенсионерлердин пенсиясы жыл сайын саякаттап келүүгө жетет деп ойлойт (толукталды)

"Мен жыл сайын чет өлкөгө саякаттаган пенсионерлерди билем" деп интернеттеги баракчасына эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова жазган. Анын бул пикири социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Мамытова интернет баракчасына пикири сындала баштагандан кийин жазган постунун бир сүйлөмүнө оңдоо киргизди.

Оңдоого чейин: "Андай болбосо пенсионерлер пенсиясынан 6-7 миң чогулткандай топтоп, туристтик компаниянын бирине барып кыялыңдагы бир мамлекетке бар".

Оңдоодон кийин: "Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялыңдагы бир мамлекетке чыгып кел".

Мамытованын өзүнө байланышканыбызда посттун сүйлөмүнө өзгөртүү киргизгенин ырастады. "Пикиримди туура эмес түшүнүп алышкан экен. Ошон үчүн текстке өзгөртүү киргизип, оюмду толуктадым. Мен болгону пенсионерлерди башкаларга стимул болсун деп жазган элем. Себеби аэропортто таанышып калган пенсионер эне мугалим болуп иштесе да акчасын чогултуп, чет өлкөгө чыгып турат экен. Анын өзүнө окшош курбулары көп экенин айтып берген. Жумурткадан кыр издегенибиз туура эмес. Мен миң сомдун тегерегинде пенсия алгандар бар экенин жакшы билем", - деди Мамытова.

Лунара Мамытованын постунун толук тексти төмөндөгүдөй:

"Франция, Германия, Бельгия, Америка, Түркия, Египет жана башка өлкөлөргө министрликке келгенге чейин эле өз каражатым менен барып келгем. Менин девизим - дүйнө кыдыруу. Дүйнө кыдыргыла! Ошондо ички дүйнөң кеңейет, акылыңа акыл кошулат. Каткан акчаңды чыгар. Ооба, баягы кара күнгө деген акчаңды чыгар. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялыңдагы бир мамлекетке чыгып кел. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат.

Иштеп жана пенсия алып жаткандар бар. Кеп ошолор тууралуу болуп жатат. Өзү пенсионер жана анан дагы мугалим болуп иштеген эжелер менен сүйлөшүп калгам. Ошол эжелер жыл сайын сыртка чыгабыз дешти. "Пенсиябызды чогултабыз, "Горящие путёвкаларды" күтүп, арзандатуу менен жыл сайын түрдүү мамлекеттерди көрөбүз" деди. Менин айтканыма булар мисал катары алынды. Кеп бардык пенсионерлер жөнүндө болгон жок", - деп жазган Мамытова.

Мамытованын бул посту интернетте кызуу талкууга алынып жатат. Көпчүлүк жарандар "аталган министрликтин жана анын жетекчилигинин элдин чыныгы турмушунан кабары жок" деп сын тагышууда. Айрымдар "министрдин орун басары пикирин туура эмес түшүндүрүп алды окшойт" дешсе, башка интернет колдонуучулары пенсиянын көлөмү бир айлык турмуш-тиричиликке да жетпей турганын билдиришип, "бул ой аткаминердин өз тармагын түшүнбөй тургандыгынын белгиси" деп жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Baicho_0707
2018-10-01 18:18:21
Менин жазгандарым кайда кетти?
+2
talas0707
2018-10-01 18:21:01
Бул эжеке учурунда журналист беле. Журналист учурунда бийликти сындачы беле. Анан озу бийлике келгенде эле козду май басат экенда. Адамдар бат озгоробуз.
+8
nazi25
2018-10-01 18:27:51
Менин апам базарга бир эки жолу барып түгөтүп коёт пенсиясын.Анан дагы бир ай күтмөй.Апам үчүн пенсия алган күн майрам го.Өмүрүн берсин кудайым.
+8
amirrus
2018-10-01 18:35:52
лунара карындашым ХХХХХХХХХ элеби Сенин?? 3500-4000пенсия алсак Бишкеке жолгире 2000болуп жатса элестетип жатасынбы...
+7
Jyrgal_msk
2018-10-01 18:56:37
Лунара пенсионерлердин баарын чет мамлекетке эс алдырып туруу силердин колунарда.Миллиондогон акчанардан жуз пенсионерге путевка алып берсенер да эч нерсенер коробойт.Же акча бербесенер жакшы мыйзам жазып чыккыла!Кыргызстанды онуктургуло деп силердин колунарга тапшырдык го олкобузду.
+5
Mongol1155
2018-10-01 18:59:59
Бул кыз пенсионерлердин жашоосун так билбегени өкүнүчтүү.Мындай жерде иштеген адам пенсионелердин жашоосун жакшы билиш керек.Орточо пенсия 5600 сом дейт. 1500 - 4500 чейин алгандар өтө эле көп болсо керек.Абдан өкүнүчтүү.
+4
talaa11
2018-10-01 19:14:19
Э Алла озун сабыр бер деги биз кандай заманда жашап жатабыз? Жалан ХХХХХХХ башкарып калдыго Кыргызстанды
+5
Tunerbei1812
2018-10-01 19:43:21
Министрликке чейин эле дуйно кыдыргам дештин озу доодурогондук. Девизин менен куруп кал. Ал элге даназалай турган маалымат эмес. Бут ушуга окшогондор СДПКга топтолуп алышкан, мультимиллионери баш болуп.
+4
nelli
2018-10-01 20:03:05
Лунара айым дуйного эмес Кыргызстандын айылдарына барып саякаттап, пенсиясын сурай келчи! Сага сунуш!
+5
Bayazet
2018-10-01 20:24:54
Бул кантип онугуунун жолун издебей эс алышты ойлойтко
+1
BekAmir
2018-10-02 00:11:36
Пенсионерлер кантип жашап атат буларга ..... да
+2
Aisuluu160790
2018-10-02 07:58:17
Саякаттамак тургай дары дармегине тамак ашына жетпейт керек болсо. Озунорду бир пенсияны кутуп жащап корсонор ошондо билесин...
Кыскасы Лунара айым сизге соз жок...
+2
zevs
2018-10-02 09:48:12
Tan kalychtuuu uwunday akylsyz adamdar bizdi bawkaryp turgany.
+1
ma2as
2018-10-02 10:46:23
Америкада жашагандай айтып койдуго . Кантип келет бийликке , акча таныш менен келип , карапайып эл кантип жашап келет билишпейт . Мен кече окууганда эле ичим ачышып кетти эле
+3
ma2as
2018-10-02 10:50:19
Пенсия деп пенсия чыгышын кутуп жашаган апа , эски голошу менен башына бир койсо ушул кыздын - акылына келе тушот .
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан