Кыргыз элинде президенттер мөөнөтү бүткөнгө чейин "ажыдаар" болуп калат деген түшүнүк калыптанып калган. Ажыдаар тууралуу уламышты Алмазбек Атамбаев оппозиционер кезинде да, президент кезинде да такай айтып келген. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Президенттерибизди ажыдаарга айлантпоонун кандай рецепттери бар?" деген соболуна журналист Нарын Айып жооп берди.
Ал 3 бийлик бутагы бири-бирине баш ийбеген, көз карандысыз болушу шарт деген пикирде.
"Президент өзү ажыдаарга айланып кетпей турган адам болушу керек. 3 бийлик бутагы бири-бирине баш ийбей иштеши шарт. Аткаруучу бийлиги, мыйзам чыгаруучу бийлиги жана сот бийлиги. Президент дагы өзүнүн кызыкчылыгын коргобой иштесе жакшы болот. Баары туура иштеш үчүн бири-бирине көз каранды болбой иштеши керек. Бийликтегилер өзүнүн гана кызыкчылыгын эмес, бүткүл коомдун кызыкчылыгын карай турган адам болсо жакшы болот. Сот, парламент, өкмөт же президент аша чаап баратканда башка бийлик бутактары ооздуктап коюусу зарыл", - дейт Нарын Айып.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, саясатчы Азимбек Бекназаров, журналист Бермет Букашева, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири төмөнкү шилтемеде.