Кыргыз элинде президенттер мөөнөтү бүткөнгө чейин "ажыдаар" болуп калат деген түшүнүк калыптанып калган. Ажыдаар тууралуу уламышты Алмазбек Атамбаев оппозиционер кезинде да, президент кезинде да такай айтып келген. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Президенттерибизди ажыдаарга айлантпоонун кандай рецепттери бар?" деген соболуна укук коргоочу Качкын Булатов жооп берди.
Ал ар бир президенттин өзүнүн эрки боло турганын айтты.
"Элим, жерим деп күйгөн президенттер дүйнө жүзүндө аз болот. Көпчүлүк президенттер өзү жеке, үй-бүлө кызыкчылыгына батып кетет. Президент болуп шайланганга чейин убадаларды бере беришет. Шайлангандан кийин жеке кызыкчылыктарын көздөп калат. Мамлекет башчы байлык чогултуу менен алек болбошу керек. Ошондой эле мыйзамдуулукту бузбай, адамдын укугун тебелебеши керек. Эрки күчтүү президент болсо ага эч кимдин жардамы кереги жок. Өлкө башчысы болуп, бирөөнү күнөөлөп, чындыкты сүйлөгөн кишини куугунтуктаганы туура эмес. Ошол кемчиликти оңдогонго аракет кылышы абзел.
Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна бир жыл болду. Баарыбыз колдоп жатабыз. Бирок ишинин натыйжасы байкала элек. Саясий куугунтук менен абакта жаткан саясатчылар дале эркиндикке чыга элек. Президент коркпой кадам таштап иштеши зарыл",- дейт Булатов.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, саясатчы Азимбек Бекназаров, журналисттер Нарын Айып, Бермет Букашева, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.