"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов "Пенсионерлердин чогулткан пенсиясы чет мамлекетке саякат кылып келүүгө жетеби?" деген суроого жооп берди.
Ал SUPER.KG порталына билдиргендей, азыркы пенсия күнүмдүк оокатка да жетпейт. "Бирок арабызда 80 миң, 100 миң сом пенсия алгандар да бар", - деп жооп кайтарды Сулайманов.
"Мен жыл сайын чет өлкөгө саякаттаган пенсионерлерди билем" деп эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова интернеттеги баракчасына жазган. Бул пикири социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.
Лунара Мамытова 2015-жылдын октябрь айынан 2016-жылдын апрелине чейин "Бир Бол" фракциясынан депутат болгон. Мамытова мандатын тапшырган соң аталган партиянын квотасы менен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалган.