1-октябрдан тартып пенсиянын көлөмү жогорулайт

1-октябрдан тартып пенсиянын көлөмү жогорулайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев маалымат жыйынында билдирди.

"Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында чыгарылган өкмөттүн атайын токтому 2018-жылдын 1-октябрынан тартып иштейт баштайт. Буга байланыштуу пенсиянын жалпы өлчөмү 4393 сомдон ашпаган пенсионерлер үчүн 250 сомдон кем эмес, 4394 сомдон ашкан пенсиялар үчүн 370 сомдон кем эмес көбөйтүлөт.

Пенсияны кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча, орточо пенсиянын көлөмү 378 сомго жогорулап 5682 сомду түзөт. 648 миң пенсионердин пенсиясын жогорулатууга жалпысынан 744 миллион 400 миң сом, анын ичинде республикалык бюджеттен пенсиянын базалык бөлүгү үчүн 73 миллион сом, пенсиялык фонддун эсебинен 671 миллион 400 миң сом керектелет", - деди Медер Ирсалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
talas0707
2018-10-01 19:10:18
Тушунбодум. Аз пенсия алгандарга аз кошулабы? эмне учун мындай?
+1
tynchy
2018-10-02 15:03:56
talas0707, убагында камсыздандыруу тогумдорун кобурок тологон адамдар кобурок пенсия алат ошол себептен кобурок кошулуп жатат
0
Eli.91
2018-10-01 20:23:59
Группадагыдардын акчасы кандай болот?пенсия или лиготабы?айтып койгулачы сураныч,лиготаларгада кошулабы админ айтып койгулачы сураныч?
0
tynchy
2018-10-02 14:51:50
Eli.91,Соц зашитадан алган майыптыгы боюнча пенсиялар жолок пулдарга кошулбайт эгер соц фондудан майыптыгы менен пенсия алса аларга кошулат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан