Кыргыз элинде президенттер мөөнөтү бүткөнгө чейин "ажыдаар" болуп калат деген түшүнүк калыптанып калган. Ажыдаар тууралуу уламышты Алмазбек Атамбаев оппозиционер кезинде да, президент кезинде да такай айтып келген. SUPER.KG порталынын "Президенттерибизди ажыдаарга айлантпоонун кандай рецепттери бар?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.
Анын айтымында, президент ажыдаарга айланбашы үчүн бийлик атайын 3 бутакка бөлүнгөн.
"Президенттик шайлоо алдында досун талапкер катары алып чыкканда эле “Атамбаев ажыдаарды жеңе албады” деп айткам. Ажыдаарга айланган баатыр жөнүндө Корей мультфильми бар. Менимче, Атамбаев ошону көргөн окшойт. Бирок өзү да убадасында турган жок. Исламда бул уламыштын негизги маанисин “напси” деп коёт. “Напсиңди тыя албасаң болбойт” деген эле нерсе. Ошол ажыдаарды өлтүргөнү үңкүргө кирген баатыр аны өлтүрөт экен. Бирок ал жердеги алтын, күмүштөрдү көргөндө бузулуп, өзү ажыдаарга айланып калат. Бул азыркы замандагы бийлик менен байлык да. Ошондуктан бийликти 3 бутакка бөлүү маселеси келип чыккан. Мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги, сот бийлиги бар. Анан да 4-бийлик деп журналисттерди айтып коёбуз. Мына ушулар бири-бирин көзөмөлдөп турушу үчүн ойлоп табылган.
Аскар Акаев бийликке келип 15 жыл башкарып жиберди. Анан Курманбек Бакиев келгенде анын балдары башкарып алды. Адилеттүү бийлик жүргүзгөн адам өтө чанда кезигет. “Бийликтин бардык түрү адамды бузат” деген сөз бар. Адамдын табияты ушундай. Жогорку Кеңеште оппозиция начар болуп жатат. Азыр бюджет, коопсуздук маселелери оппозициянын колунда. Бирок алар муну пайдаланган жок. Оппозиция жок болсо бийликке жакшы да. Мындан элитанын начардыгын байкоого болот. Жаңы президент бийликке келгенде андан кызмат күтүп, бардыгы саясатчыга, саясат таануучуга айланып алышат. Демократияны кура тургандар жок болуп жатат. Улутубуздун аң-сезиминин өспөй жатканынын негизги себеби мына ушул болууда", - деди Молдалиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, саясатчы Азимбек Бекназаров, журналисттер Бермет Букашева, Нарын Айып, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири төмөнкү шилтемеде.