Бишкек жылуулук электр борборундагы химиялык суу тазалоочу цехтин курулушу 100 пайыз аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда SUPER.KGʹге "Электр станциялары" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, жаңы цехтин долбоордук кубаттуулугу саатына 144 куб метрди түзөт.
"Жаңы цехтин ишке кирүүсү менен чыгымдар азайды. Мындан сырткары жаңы цехке 28 насос жана үч ультрафильтрлөөчү аппарат орнотулган. Тетиктер автоматтык режимде иштейт жана ЖЭБдин ишин жеңилдетет. Жаңы курулган химиялык цехтин жалпы аянты 1500 чарчы метрди түзөт. Жалпысынан курулушка 4,5 миллион доллар коротулган. Долбоорду ишке ашырган ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү бир жыл бою ЖЭБдеги адистерди окутуп, иштешет", - деп жазылат маалыматта.
Ушул жылдын февраль айында ТВЕА компаниясы суу даярдап берүүчү жаңы химиялык цех курары айтылган. Курулуш иштерин июль айында бүтүрүү пландалган.
30-июлда "Улуттук энергохолдинг" компаниясы Бишкек ЖЭБдеги химиялык суу тазалоочу цехтин июль айында бүтпөй калганын билдирген. Буга өз учурунда курулуш долбоорунун даяр эместиги себеп болуп, курулушту бүтүрүү 1-октябрга жылдырылганын айтышкан.