1-октябрдан тарта дарыгерлердин маянасы 30 миң сомго чейин жетет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйынында билдирди.
"Дарыгерлер стажы боюнча 3 категорияга бөлүнөт:
Минималдык стажга ээ болгон үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгынын эң азы 11 миң сом, орточосу 16 миң сом, максималдуу 22 миң сомго чейин жетет.
Орто стажы бар дарыгерлердин айлыгы минималдуу 14 миң сом, орто эсеп менен 19 миң сом, максималдуу 25 миң сом алат.
Жогорку стажы бар дарыгерлер минималдуу 18 миң сом, орточо 24 миң сом, максималдуу 30 миң сомго чейин айлык маяна алышат.
Мындан сырткары дарыгерлерге иштегенине жараша 100гө чейинки упайлар коюлуп, топтогон упайына карап 5 миң сомдон 16 миң сомго чейин кошумча каражат төлөнүп берилет. Упайлар дарыгерлерге автоматташтырылган систем аркылуу коюлат.
Үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык маянасы үчүн 1-октябрдан жылдын аягына чейин 157 миллион сом бөлүнсө, 2019-жылы 630 миллион сом бөлүнөт", - деди министр.