Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 2-октябрда Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, борбордо электр зымдарын оңдоо жана профилактикалык иштер жүрөт.

Электр жарыгы өчө турган көчөлөрдүн тизмеси:

Дордой жаңы конушу саат 09:00дөн 18:00гө чейин,

Көк-Жар жаңы конушунда (Кулмурзаев, Шоокум, Арстанбап, Чар, Көк-Жайык, Керемет, Молдокулов, Суворов, Жданов көчөлөрүндө) саат 9:00дөн 18:00гө чейин,

6-кичи райондо, Ибраимов көчөсүндөгү №42-үй, Москва көчөсүндөгү №62-64-үйлөр, Шопоков көчөсүндөгү №37-үйдө саат 9:30дан 19:00гө чейин,

Фрунзе көчөсүндөгү №282-үйүндө саат 9:00дөн саат 15:00гө чейин,

Достук кичи районундагы №2-11-үйлөрүндө саат 9:00дөн саат 17:00гө чейин,

Чоң-Арык айылында (Кожомкулов, Абдумомунов, Самойленко көчөлөрүндө) саат 9:30дан саат 18:00гө чейин,

Касым жаңы конушунда (Кубаныч, Аманат, Салтанат көчөлөрүндө) саат 9:30дан саат 17:00гө чейин,

Маданият жаңы конушунда (Эгинчиева, Талды-Суу көчөлөрүндө), Ала-Тоо жаңы конушунда (Орто-Арык, Кызыл-Тоо, Ак-Булак, Орто-Арык, Сын-Таш, Кара-Сай, Ак-Кыя, Камыр-Ата, Байчечекей, Туюк-Жар, Сары-Учкун көчөлөрүндө) саат 9:30дан саат 18:00гө чейин электр энергиясы өчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuba_502
2018-10-02 10:52:06
Маданият жаңы конушу кайсы тарапта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан