Москвада кыргыздар барып эс алган кафе-ресторандарда мигранттарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Буга чейин, ушул жылдын 9-сентябрында Москва шаарындагы Аксакалдар кеңеши жана Коомдук кеңештин демилгеси менен Кыргыздын Орусиядагы элчилиги, Миграция кызматы, ИИМдин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда мигранттар менен чогулуш өткөрүлгөн. Анда бир катар маселелер талкууланып, анын ичинде кыргыздар барып эс алып жүргөн кафе-ресторандар тууралуу да сөз болгон.

Элчиликтин маалыматына ылайык, жыйындын жыйынтыгы боюнча элчиликтин, Миграция кызматынын, ИИМдин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин, Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын Коомдук кеңешинин төрагасынын, кыргыз диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрүнүн курамынан түзүлгөн комиссия уюштурулган.

"Ушул жылдын 20-30-сентябрында жогоруда аталган комиссия өз ишинин алкагында кыргыздарга тиешелүү болгон кафе-ресторандарды кыдырды. Анын максаты - жаштар, унаа айдоочулар (таксисттер), спортчулар, кыз-келиндер, студенттердин жана башка мекендештердин арасында жаралган көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана аны түшүндүрүү жолу менен чечүү.

Комиссия мүчөлөрү "Восточная Ночь" ресторанына, "Олимп" кафесине, "Вишня" ресто-клубуна, "Браво" ресто-клубуна, “Кел-Кел” ресторанына жана “Ангел” ресторан-клубуна барып, ал мекемелерди иштеткен Кыргыз жарандары, эс алып жүргөн мекендештер, жалпы коноктор менен жолугушуп, Орусиянын тийиштүү мыйзамдарын так сактоого чакырды.

Коомдук жайларда, алардын ичинде кыргыздарга тиешелүү болгон ресторан, кафелерде маданияттуу жүрүп, бөтөн жерде кыргыз калкы тууралуу терс пикирди жаратуучу ар кандай аракеттерден алыс болууга, спирт ичимдиктерин колдонбоо тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жолугушуу учурунда Кыргыз жарандарын кызыктырган суроолорго да жооп берилди”, - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Altyn10076
2018-10-02 10:09:53
Курсак тойгузуп чыгышкан турбайбы азаматар.
+6
Dembele84
2018-10-02 11:09:12
Булар нени чечет эле,кыдырып кыдырып а жакшы экен деп кайтты да
+1
marat009
2018-10-02 11:32:13
Булар барып кыдырып кыз келиндер мн бийлеп жыргап анан чыгышса керек
+3
take.kg86
2018-10-02 11:55:57
Кыйратыпсыңар барып эки ооз сөз сүйлөп анан былтыйып курсакты тойгузуп чыктыңарда
+1
Jyrgal_msk
2018-10-02 12:28:22
Добрынынскийдеги башаламандыкты токтотсо жакшы болмок.Кудайдан жоо качкан бекерчилердин баары ошол жерде.
Элди алдап акча табат.
+4
Jigitchem
2018-10-02 12:28:38
Анда силер кыдырып курак тойгузбай чыкпайсынарбы бышкан ашка сынчы коп дегендей ар кайсыны суйлой бересинер азыр бизге ошондой керек болуп турат
+2
Aikaaaa
2018-10-02 12:48:35
Ооба, ошентип акыл айтып койбосо безпредел болуп баратышат, түркүн түстүү кырсык, кылмыштарды кылышып, жүрүм-турумдун өзүнүн этикети бар да
+2
Jango
2018-10-02 13:33:50
Ушул кафелерди укмк дан келип эки эле жигит 3ай текшерсе былыкылары чыгышат бардак болуп жатат силер антип келип айткан менен толк жок хотя бы спирт ичимдигин саттырбай койсонор болот го кыргыздардын кафесинде тункусун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан