
Буга чейин Орусия улуттук курама командасынын 32 жаштагы дарбазачысы жана капитаны
Игорь Акинфеев өзүнүн улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктаганы тууралуу
билдиргени маалымдалган.
Кечээ, 1-октябрда "Футбол үйүндө" болгон маалымат жыйынында курама команданын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов жаңы капитандын ысымын атады. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Эми Орус улуттук курама команданын капитаны болуп "Зенит" футболдук клубунун чабуулчусу Артём Дзюба дайындалды. Дзюба жай айларында болуп өткөн Дүйнө чемпиондугунда мыкты оюн көргөзгөн. Ал 3 гол киргизип, 2 жолу голдук пас берген.
Артём Дзюба 1988-жылы 22-августта Москва шаарында төрөлгөн. Өзүнүн чоң спортко болгон кадамын 2006-жылы москвалык "Спартак" командасынын курамында баштаган.