Түркияда эмгектенген Кыргыз жарандарынын эмгек китепчесине ал жакта иштеген мөөнөтү жазылат, пенсия төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Мамлекеттик социалдык фонддун төрагасы Медер Исраилов айтты.
Исраиловдун белгилешинче, 2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимине ылайык, биздин Түркияда эмгектенген Кыргыз мамлекетинин жарандарынын эмгек китепчесине иштеген мөөнөтү жазылып, ошого жараша пенсия төлөнүп бул жакка которулуп берилет.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бул мыйзам долбоорун биринчи окууга жөнөтүү маселесин карап жатат.