Депутат: "Түркияда мыйзамдуу эмгектенген мигранттардын саны 14 500 деген маалымат туура эмес"

Бүгүн, 2-октябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде 2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо маселеси каралууда.

Анда азыркы тапта Түркияда 14 миңден ашык Кыргыз жараны расмий түрдө эмгектенери айтылды. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө эмгектенген Түрк жарандарынын саны 5400.

Жыйынында депутат Руслан Казакбаев "Түркияда 14 миңден ашык Кыргыз жараны расмий түрдө эмгектенет деген жаңылыш маалымат" деди.

"Бүгүнкү күндө расмий түрдө Түркияда иштегендердин саны 14 миңден ашык экенин айттыңар. Бул жаңылыш маалымат болушу мүмкүн, силер студенттерди жана башка жарандарды кошпогула. Түркияда расмий каттоодо турган жарандардын саны силер айткандан бир топ аз.

Бизде сырттан келген жарандар оңой эле расмий түрдө каттала алат. Биздин жарандар Түркиядан эмгек визасын алуу татаал, биринчи ошол жагын жеңилдетишибиз керек. Биздин ал жакта салык төлөбөй эмгектенген жарандардын саны көп, биринчи ошол жарандарга жеңилдиктерди түзүп берүү керек", - деди Казакбаев.

Мамлекеттик социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев бул Кыргыз өлкөсүнүн миграция кызматынын сайтындагы маалыматка таянып айтып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан