"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жаңы жетекчиси болуп Канатбек Абдыкеримов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү буйрукка, кечээ, 1-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ошол эле күнү өкмөт башчы өз буйругу менен "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен Алмазбек Ногойбаевди бошоткон.
Жаңы дайындалган жетекчи Канатбек Абдыкеримов буга чейин аталган ишкананын темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору болуп иштеген.
Канатбек Абдыкеримов 1967-жылы 20-майда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз агрардык университетинин "уюштуруу жана башкаруу инженери" бөлүмүн, Москвадагы ветеринардык академиясынын "зооинженер" бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолу:
1993-1997-жылдары - "Таалай" фирмасынын директорунун орун басары;
1997-1999-жылдары - Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын соода-сатык, кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси;
1999-2001-жылдары - "Таалай" фирмасынын генералдык директорунун орун басары;
2001-2008-жылдары - Өкмөттүн аппаратындагы курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн эксперти;
2008-2018-жылдары - "Кыргыз темир жол" темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору болуп иштеген.