Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетиндеги Кыргыз өлкөсүнүн үлүшү азайды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
"Шанхай кызматташтык уюмуна Индия менен Пакистан жаңы мүчө болуп киргендиктен бюджетти бөлүштүрүү маселеси каралган. ШКУдагы Кыргыз өлкөсүнүн үлүшү мурда 10 пайыз болсо, бүгүнкү күндө 8 пайызды түзөт. Бул нерсе менен бизге бөлүнө турган каражат азайды дегенге болбойт, себеби жалпы бюджеттин көлөмүндө да өсүү болгон. Жыйынтыгында баягыдай эле сумма бөлүнөт", - деди Касымалиев.