Казакстандагы Кыргыз элчиси кызматына Жээнбек Кулбаев сунушталды

Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси кызматына Жээнбек Кулбаевдин талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова билдирди.

Ал Жээнбек Кулбаев кыргыз-казак мамилесин жакшы билерин айтты. Аталган комитет анын талапкерлигин добуш берүү менен колдоп берди.

Жээнбек Кулбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, алгачкы иштерин чек арадагы маселелерден баштай турганын айтты.

Эске салсак, 2011-жылдан тарта 2016-жылдын апрель айына чейин Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиев болгон. Ал кызматтан бошотулгандан бери эч ким бул кызматка дайындалган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан