Бишкекте кичи автобус сүзүп кеткен инспекторго өкмөт жардам көрсөтөт

Кичи автобус сүзүп кеткен инспектор Марат Султаналиевдин дарылануусуна өкмөт материалдык жардам көрсөтөт.

Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ага материалдык жардам көрсөтүүнү буйруп, жол кырсыгын тыкыр жана объективдүү иликтеп чыгууну тапшырды.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, учурда инспектордун абалы канааттандырарлык.

"Бизге түшкөн бейтаптын башын компьютердик томографияга тартып, медициналык текшерүүдөн өткөргөндө мээси чайкалганы аныкталды. Ошондой эле бейтаптын булчуң эттери жанчылып кеткен. Бейтап азыр нейротравма бөлүмүндө дарыланууда. 1 жуманын ичинде абалы жакшырса, ооруканадан чыгарылат", - деди Кубатбеков.

1-октябрь күнү Чүй кең көчөсү менен Осмонкулов көчөсүнүн кесилишинде инспектор жөө адамдар өтүүчү тилкеден эки окуучуну өткөрүп жаткан учурда кичи автобус катуу ылдамдыкта келип сүзүп кеткен.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2018-10-02 14:34:55
Видеосун көрдүм. Ал жерде эки окуучу жок. Бул инспектор эки жагын карабай эле чуркап чыга калыптыр . Машруттун айдоочусу туура эле келе жаткан экен. Пешеходко да жете элек экен. Жолдук берки бетинен жөө жүргүнчүлөр да пешеходдон өткөн эмес
-2
senchi
2018-10-02 15:05:43
Өкмөт башка адамдарга эмнеге жардам көрсөтпөйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан