Лунара Мамытова дипломатиялык паспортту колдонгону боюнча Башкы прокуратурага чакырылды
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортторду колдонгондугу боюнча Башкы прокуратурага чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда SUPER.KGˊге аталган министрликтин башчысынын орун басары Лунара Мамытова билдирди.
Анын айтымында, башкы көзөмөл органы министрликтин жетекчилеринен Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын сөзүнүн негизинде түшүндүрмө берүүнү суранган.
“Башкы прокуратурага биздин министрликтин жетекчилери чакырылган. Мен дагы бардым. Ал жерде эч кандай текшерүү болгон жок. Болгону кызматтык жана дипломатиялык паспортторду колдонгондугубуз боюнча түшүндүрмө бердик. Депутат айым айткандан кийин аталган орган түшүндүрмө алууга акылуу. Бул иш боюнча прокуратура өз иликтөөсүн аяктаган соң бул иштин жыйынтыгы белгилүү болот. Азыр ар ким өз жумушун жасап жатат”, - деди Мамытова.
24-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, анын орун басары Лунара Мамытова чет өлкөгө чыгууда көпчүлүк учурда дипломатиялык паспортту колдоно турганын билдирген. Кийин аталган министрлик Лунара Мамытованын чет мамлекетке чыкканы боюнча түшүндүрмө берген.