Жогорку Кеңештин комитетинин отуруму биринчи вице-премьердин келбегенине байланыштуу кийинкиге жылды

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин отуруму кийинкиге жылдырылды. Комитет бүгүн 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу жана 2018/2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата экономика тармактарын жана калкты даярдоо боюнча өкмөтүнүн иши жөнүндө маселени карамак.

2 маселеде тең баяндамачы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов болмок, бирок ал жүйөлүү себептер менен катыша албагандыгына байланыштуу маселени кийинкиге жылдыруу маселеси көтөрүлдү. Жыйынтыгында өкмөт тараптын жана комитет мүчөлөрүнүн сунушу менен маселе добушка коюлуп, бүгүн каралчу маселелер кийинки отурумда каралат деп чечилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан