КСДП фракциясынан депутат Айнура Осмонова туризм тармагын өнүктүрүү үчүн туристтик кызмат көрсөтүүнү эл аралык деңгээлде жүргүзүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.
“Туристтик кызмат көрсөтүү боюнча ишкерлерге окутуу өткөрүү керек. Элдин арасында түшүндүрмө иштерин жүргүзөлү. Мен бул маселени үчүнчү жолу көтөрүп жатам. Туристтик агенттик же башка орган түзөбүзбү, туристтик кызмат көрсөтүү эл аралык деңгээлде жүргүзүлбөсө бул тармак өнүкпөйт, ордунан дагы жылбайт. Ишкерлерди окутуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?” – деп сурады депутат.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов туристтик кызмат көрсөтүү боюнча ассоциациялар бар экенин айтты. “Окутуулар кыштан жазга чейин болот. Анткени жайында ишкерлер бошобойт. Октябрь айынан тарта окутуулар жүргүзүлөт”, - деди Жаманкулов.
Учурда Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү маселелери жөнүндө маселе каралып жатат.