"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова туризм тармагы боюнча агенттик түзүү сунушун колдоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.
"Туристтик тармак экономиканын өнүгүшүнө салым кошот.Ошондуктан өзүнчө агенттик болушу зарыл. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы департаменттин үнү эч кимге угулбайт. Мындан тышкары жакында Көчмөндөр оюндарын өткөрүп алдык. Бул иш-чара кыска убакытта натыйжа бербесе дагы кийин пайда алып келет. Тилекке каршы, Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү башка өлкөгө өткөрүп бердик. Оюндарды эки-үч башка мамлекет өткөргөндөн кийин кайра өзүбүз өткөрүшүбүз керек. Канчалаган өлкөлөр бул иш-чараны түз трансляция менен көрсөттү. Кыргыз мамлекети дүйнөгө таанылып жатат", - деди Мавлянова.
Учурда Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү маселелери жөнүндө маселе каралып жатат.