Кыргыз мамлекетинде 449 сом пенсия алгандар бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов айтып берди.
"Мага Базар-Коргон районунун Жай-Терек айылынын 1954-жылы туулган тургуну Кудайберди Арызматовдон кат келген. Ал 40 жыл айылда эмгектенип, 449 сомдон пенсия аларын жазды", - деди Нышанов.
Депутатка келген жарандын катында төмөнкүдөй жазылган:
"Мен Жай-Терек айылында 1954-жыл төрөлгөм, 10-классты бүткөндөн тартып пенсияга чыкканга чейин айылда иштедим. Пенсияга чыгайын деп Токой чарбанын кадр бөлүмүнө барсам, эмгек китепчемди жоготуп койгонун айтышты. 2 жылдык аскердик билеттин негизинде мени 449 сом менен пенсияга чыгарышты. 40 жыл иштеп ушул пенсияны алсаң жашоого да нааразы болот экенсиң", - деп жазылат катта.