1-октябрдан тарта Кыргыз Республикасында орточо пенсиянын өлчөмү 5 миң 682 сомду түзөт. Бул акча бир ай эптеп-септеп өмүр сүрүүгө керектүү делген 4 миң 387 сомдон бир азга гана жогору. Ал эми минималдык пенсия 2 миң сомго жетпейт.
SUPER.KG порталынын "Пенсия системин кантип жакшыртса болот?" деген соболуна социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова төмөнкүдөй жооп берди. Ал пенсияны жогорулатуу өкмөттүн алдында турган эң биринчи маселе экенин айтты.
“Пенсиянын аздыгы - аябай чоң көйгөй. Пенсия базалык бөлүктөн жана камсыздандыруучу бөлүктөн турат. СССР убагынан бери иштеген кишилердин пенсиясын рублдан сомго которгондо индексация болгон. Чоң-чоң өндүрүштө, зыяндуу шартта иштеген адамдардын дагы пенсиясы төмөн болуп калган. Менин деле ата-энем өндүрүштө иштеп, азыр пенсиясынын көлөмү аз. Алар дагы өкүнүп, таарынып отурушат. Мындай миңдеген адамдар бар.
Пенсияны жогорулатуу - өкмөттүн алдында турган эң биринчи маселе. Азыркы учурда иштеп жаткандар пенсияга чыкканда пенсиясынын көлөмү көп болушу үчүн каражаттарды которуп туруусу зарыл. Канча каражат которсо, ошончо пенсия алат. Иштеген жеринен төлөй албаса, камсыздандыруу полиси аркылуу төлөсө болот. Эч жерде иштебегендер мамлекеттен жөлөк пул катары каражат алышат”, - деди Өмүрбекова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Сайдулла Нышанов, экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиев, экономист Кубан Чороев, саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.