Саясий серепчи Игорь Шестаков: "Саякаттоого жетиштүү пенсия алган пенсионер - бул Роза Отунбаева"

1-октябрдан тарта Кыргыз Республикасында орточо пенсиянын өлчөмү 5 миң 682 сомду түзөт. Бул акча бир ай эптеп-септеп өмүр сүрүүгө керектүү делген 4 миң 387 сомдон бир азга гана жогору. Ал эми минималдык пенсия 2 миң сомго жетпейт. SUPER.KG порталынын "Пенсия системин кантип жакшыртса болот?" деген соболуна саясий серепчи Игорь Шестаков төмөнкүдөй жооп берди.

Анын пикиринде, алтын жана башка пайдалуу ресурстарга бай Кыргыз өлкөсү улгайган жарандарын татыктуу жашоого жетиштүү пенсия менен камсыздай алат.

"Өлкөбүз кичине, калкыбыз болгону 6 миллион. Жакшы пенсия берүүгө бардык шарттар бар, бирок азыркы пенсиянын өлчөмү менен ачкадан өлбөш үчүн керектүү азыктарды сатып алууга мүмкүн. Пенсионерлердин көбү туугандарынын жардамы менен жашап келишет. Биздеги эң жакшы пенсия алган пенсионер - бул Роза Отунбаева. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова "биздин пенсионерлер чет өлкөлөргө саякаттоого акча топтой алат" дегенде биз Роза Отунбаеваны гана айта алабыз.

Менин оюмча, пенсиялык системибиз реформаларга муктаж. Мамлекет ага өмүр бою иштегендерге татыктуу жашоону камсыздап бериши керек. Жакында пенсиянын 100 сомго көтөрүлгөнү - бул анекдотторду ойлоп табууга жакшы себеп", - деди Шестаков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Сайдулла Нышанов, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиев, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан