SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар менен кантип тез тил табышса болот?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Кыздар менен кантип тез тил табышса болот? Ой-пикирлер менен бөлүшөлү" деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Ушул суроону Дима деген орус досума берсем, мындай деп жооп берди. "Алгач жалпы кызыкчылыкты табуу керек. Мисалы, ал эмне кылганды жакшы көрөт, ал жооп бергенден кийин сага да жагарын айтуу керек. Күлдүрүп, тамашалап. Ушул сыяктуу... Ал үчүн көптөгөн варианттар бар, кинолор, музыка жана башка. Жакшылап ишендирип, аракет кылыш керек".
- "Мага кызыктуу болгон адамдар менен оңой эле тил табышам, калганы менен сүйлөшпөйм. Кызыктуу болсо өздөрү эле сүйлөп, сүйлөшкөнгө тема табылат".
- "Бардык учурда деп айтууга жакын эмесмин, бирок көпчүлүк учурда тил табуудан мурда пул тап. Пул табылгандан кийин тил өзүнөн-өзү табылат".
- "Жактырган адамыңызга жасалмалуулугу жок, кандай болсоңуз ошондой мамиле кылыңыз, себеби көпчүлүк жигиттердин кетирген катачылыгы - бул коёндой окшош сөздөрү, жүрүм-туруму, белек-бечкеги. Баары катардагыдай эле, анан кыз киши да тажайт. Башкалардан айырмаланып өзгөчө нерселер менен кызды таң калтырып турсаң, өлсөң да таштап кетпейт. Анан да чечкиндүүлүктү көрсөтүш керек".
- "Эч качан кыздардан сөз талашпа. Сеники туура деп да айтпа. Сүйлөшкөндө кызга кандай сөз жагат, кандай сөз жакпайт, эмнеге кызыгарын байка. Ошого жараша сөз сүйлөп, акырын өзүңө көндүрүп алсаң, андан ары тил табышып кетесиң. Кыз баланын алдында мактанба жана калп айтпа".
- "Эгер моюн көтөрүп тоготпой жатса, жанындагы курбусун сулуу экен деп койсоң эле өзгөрө түшөт, ошентип аз да болсо мүмкүнчүлүк пайда болот. Анан Кудай өзү кечирсин деп мактап коё бер, кызыксыз нерсе айтса да сабыр кылып кызыккан киши болуп угуп коё бер. Тил табышуу үчүн акылдуу болуу шарт эмес, мен жүрөм го тил табышып эле. "Арыктап кеткенсиңби?" дегенди эч унутпа, эң "мощный" комплимент баарына жаккан".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.