1-октябрдан тарта Кыргыз Республикасында орточо пенсиянын өлчөмү 5 миң 682 сомду түзөт. Бул акча бир ай эптеп-септеп өмүр сүрүүгө керектүү делген 4 миң 387 сомдон бир азга гана жогору. Ал эми минималдык пенсия 2 миң сомго жетпейт.
SUPER.KG порталынын "Пенсия системин кантип жакшыртса болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов жооп берди.
Ал пенсия системин жакшыртуу үчүн жарандар тынбай иштеп, социалдык фонддогу пенсиялык төлөм үчүн чогулган акчанын көлөмүн жогорулатуу керек деген пикирде.
"Пенсия системин жакшыртуу үчүн бизде иштеп жаткан аманат эсеби бар. Бул жакшы систем, анда ким канча иштеп, социалдык фондго канча акча салса, кийин ошол иштеген акчасын өзү алат. Азыркы тапта укук коргоо органдарында иштеген пенсионерлерге мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт. Ага эле жылына 15 миллиард сомдон ашык акча сарпталууда. Бул негизи туура эмес. Азыр мугалимдер менен медиктердин пенсиясы аз деп көп айтылат. Анткени өлкөбүз эгемендик алгандан кийин мугалимдер менен медиктердин айлык маянасы аз болгон. Мунун себеби алардын эсебинен соцфондго жетиштүү акча түшкөн эмес. Ушундай болбошу үчүн бардык жарандар иштеши керек. Кийин иштегенине жараша пенсиясын алышат.
Анан дагы азыркы иштеп жаткан пенсиялык төлөм үчүн соцфондго келип түшкөн акчаларды аманат катары банктарга салып, анын кирешесин алуу системин жакшыртуу керек. Мындан сырткары экономика өнүгүп, ишканалар, жумуш орундары көбөйсө, соцфондго да көп акча түшүп, пенсионерлердин акчасынын көлөмү көбөймөк", - деди Жамалдинов.
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиев, экономист Кубан Чороев, саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикири бул шилтемеде.