Депутат Сайдулла Нышанов: "Айрымдар 80 миң сом, башкалар 449 сом пенсия алганы - бул акыйкатсыздык"

1-октябрдан тарта Кыргыз Республикасында орточо пенсиянын өлчөмү 5 миң 682 сомду түзөт. Бул акча бир ай эптеп-септеп өмүр сүрүүгө керектүү делген 4 миң 387 сомдон бир азга гана жогору. Ал эми минималдык пенсия 2 миң сомго жетпейт. SUPER.KG порталынын "Пенсия системин кантип жакшыртса болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов төмөнкүдөй жооп берди. Анын айтымында, пенсия системинде баланс сакталбай жатат.

“Биринчиден, жакшы пенсия берүү үчүн казынада акча болушу керек. Казынада акча болмоюнча пенсиянын өлчөмүн көтөрүш кыйын. Бирок биздин коомчулукта акыйкатсыз нерсе бар: айрым адамдар 80 миң сом, башкалар 449 сом пенсия алат. Менин пикиримде, пенсиянын көлөмүн 20 миңден ашырбай, эң азын 10 миң сомго жеткирүү керек. Ошондо акыйкаттуу пенсия болот. Мыйзам боюнча, бюджеттен каражат көп которулса көп, аз которулса аз болот деп айтышкан. Бизде да бир топ сунуштар болгон, жогоруда айткандай 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин кылалы дегенбиз. Мисалы, 80 миң сом алган адамдын пенсиясын 20 миң сомго түшүрсө бул жакта бир топ адамдын пенсиясы көбөйүп калат. Бул жерде кошумча акча бөлүүнүн кереги жок, бүгүнкү күндөгү эле балансты оңдоп койсо болот”, - деди Нышанов.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиев, экономист Кубан Чороев, саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан