1-октябрдан тарта Кыргыз Республикасында орточо пенсиянын өлчөмү 5 миң 682 сомду түзөт. Бул акча бир ай эптеп-септеп өмүр сүрүүгө керектүү делген 4 миң 387 сомдон бир азга гана жогору. Ал эми минималдык пенсия 2 миң сомго жетпейт.
SUPER.KG порталынын "Пенсия системин кантип жакшыртса болот?" деген соболуна экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиев жооп берди.
Анын айтымында, коррупцияны жойбой туруп пенсия маселесин чечүүгө болбойт.
“Пенсия системин жакшыртардан мурун коррупцияны токтотуу керек. Ошондон кийин мамлекеттик казынага акча чогулат, аны пенсия тармагына туура пайдалануу боюнча керектүү иштер жасалып башташы керек. Эгер коррупцияны жойбой туруп пенсия системин жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди жасаганда деле эч майнап чыкпайт. Ошон үчүн биринчи кезекте коррупцияны токтотуп, керектүү көлөмдө мамлекеттик бюджетти толуктоо керек. Аз бюджетти солго бурсаң да, оңго бурсаң да, жетпеген нерсе жетпей эле кала берет. Мисалы, аз тамакты чөйчөккө куюсыңбы, аякка куясыңбы же табакка куясыңбы, баары бир ал аз болот. Ошон үчүн фундаменталдуу маселелерди чечип туруп, андан кийин ушуга окшогон социалдык маселерди жакшыртканыбыз туура”, - деди Үмөталиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Сайдулла Нышанов, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, экономист Кубан Чороев, саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикири бул шилтемеде.