"Балдар менин кароомо муктаж экенин көрүп туруп кантип алардан баш тартам?" дейт камакта жаткан келиндин 2 баласын баккан аял

SUPER.KG порталына Кочкор-Ата шаарынын тургуну Венера Асанова кайрылып, соттолуп камакта жаткан келиндин 2 баласын багып жүргөнүн жана балдарга да, келиндин өзүнө да жардам керек экенин кабарлады. Анын айтымында, Динара аттуу 40 жаштагы келин алдамчылыкка айыпталып, соттолуп жатат.

"Динара өзбекстандык кыргыз келин, ал ошол жакка турмушка чыккан.

Кийин Динара турмуштан кыйналып, Кыргыз жеринде жашаган атасынан жардам сурап келген. Бирок атасынын да жашоо турмушу оор болгондуктан жардам бере алган эмес. Бир күнү апам Кочкор-Атадагы базарга бара жатса бир келин колундагы баласы менен жолдо отурган экен, бир топ убакыттан кийин кайтып келе жатып келиндин ошол эле жерде отурганын көрүп, абалын сураса, бара турган жери жок экенин айткан. Биздин бир бош үйүбүз бар, 9 айлык баласы менен Динараны ошол үйгө жайгаштырганбыз. Бирок көп өтпөй баласы боору ооруп, чарчап калды. Кийин Өзбекстанга барып ал жакта калып калган 1 уул, 1 кызын алып келди. Ошондо 2014-жыл болчу. Динара кафеде идиш жууп, ашпоз болуп иштеп жүрдү.

Анан балдарын бизге таштап иштеп келейин деп Бишкекке кетти. Балдары Кочкор-Ата шаарындагы жатак мектепте окушчу, Бишкекте жакшы эле иштеп, балдарын чакыртып, керек-жарагын сатып алып берген.

Кийин ал радиоузелге барып "жумуш издейм" деген жарыяны бериптир. Көп өтпөй ага бир адам жолугуп, паспортун алыптыр да "жумушка киргизем" деп бир топ кагаздарга кол койдуруптур. Динара менен жолукканымда кол койдурган адам алдамчылык менен элдин акчасын топтогондугун, бирок акчалар Динаранын атына келип турганын айтып берди. Динара болсо банктан акчаларды алып, ал адамга берип турган. Ошондо документ боюнча акчаларды Динара алып, элди алдап жүргөн болуп калган.

Чынында, бул үчүн ага да азыраак акча берип койчу экен, ал эми ал сабатынын жетишпестигинен бул ишти уланта берген. Акыркы жолу Динара менен жолукканымда кандай болсо да балдарымды багып туруңуз деп суранды. Анткени ал болжол менен 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин айтышыптыр", - деди Асанова.

Учурда анын кызы 7-класста, уулу 4-класста окуйт. Экөө тең шаардагы жатак мектеп-гимназияда билим алышат. Бирок апасы Өзбекстандан алып келгенде документтери калып калган, азыр туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү да жок болгондуктан аларга жөлөк пул чыкпайт. Мектепте да документ керек болуп калган учурда маселелер жаралат.

"Ар жуманын жума күндөрү үйгө келип, дем алыш күндөрү үйдө болушат. Кээде жатаканасында аларга жакпай калган тамак болсо да келишет. Кийим-кечесин алып берип турабыз. Айтор, апасынын жоктугун билдирбей кем-каржысын толуктаганга аракет кылам. Экөө тең мыкты окушат, тарбиялары абдан жакшы. Буюрса, келечектери кең деп ишенем.

Биздин 2 балабыз бар, күйөөм менен жаш үй-бүлө болгондуктан балдарга документ даярдатып, жөлөк пул чыгарсак, өздөрүнүн кем-каржысына жарап калмак. Биз балдарды кайсы бир мамлекеттик мекемелерге берүүнү туура көрбөйбүз. Алар бизге, мээримге муктаж экенин көрүп туруп кантип андай кадамга барабыз. өздөрү да бизге көнүп калышкан, эш тутуп, ишенип турушат", - дейт ал.

Ошондой эле ал Динара аттуу аял алардын үйүнө катталганын кошумчалап, сот ага карата чечим чыгарарда анын сабатсыздыгынан пайдаланышканын, жалгыз бой эне экендигин эске алууну өтүнөрүн айтат. Ал эми балдардын атасынан дайын жок экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Biinura
2018-10-03 20:57:44
Аллах ыраазы болсун! Аллахтан кайтсын сиздерге.
+8
Rubin
2018-10-04 02:18:24
Оз жашаган жериниздеги соцзащитага кайрылсаныз, фостердик уй-булолордун катарына кошушат.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан