1-октябрдан тарта Кыргыз Республикасында орточо пенсиянын өлчөмү 5 миң 682 сомду түзөт. Бул акча бир ай эптеп-септеп өмүр сүрүүгө керектүү делген 4 миң 387 сомдон бир азга гана жогору. Ал эми минималдык пенсия 2 миң сомго жетпейт.
SUPER.KG порталынын "Пенсия системин кантип жакшыртса болот?" деген соболуна экономист Кубан Чороев жооп берди.
Ал пенсиялык системди жакшыртуу үчүн пенсиялык фондго топтолгон акчаларды кепилдиги бар киреше түшүүчү тармакка колдонуу аркылуу бул маселени чечүүгө болорун айтты.
"Бизде көп жылдан бери пенсиялык реформа жасала элек. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө белгилүү пенсиялык финансылык инструменттер бар. Кыргыз өлкөсүндөгү пенсиялык фонд көп эле суммада акча чогултат. Ошол акчаларды туура пайдалануу аркылуу пенсионерлердин кандайдыр бир бөлүгүн 5 жылдык же 10 жылдык мөөнөткө белгилеп туруп, пенсиялык фондго келген акчанын кирешесине эле элге пенсия төлөй тургандай системди түзсө болот. Мисалы, биздеги пенсиялык фонддогу акчалар бир гана Кыргыз өлкөсүндө иштебестен, эл аралык чоң кепилдиги бар финансылык инструменттерде иштетүү аркылуу пенсиялык фондду байытып, жарандардын пенсиясынын көлөмүн көбөйтүүгө болот. Бирок ал үчүн аталган фонддо активдерди башкара турган заманбап аналитикалык борборлор түзүлүшү керек. А биз болсо эски систем менен эле иштеп келе жатабыз.
Пенсиялык фонд мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Анын кирешесинин көлөмү экономикада иштеп жаткан адамдардын жумушчу орундарынын саны менен байланышта. Бүгүнкү күндөгү иштеп жаткан жумушчулар пенсионерлерди акча менен камсыз кылып жатат. Ал эми өлкөдө жакшы пенсиялык системди, башкача айтканда, бүгүнкү күндөн баштап чогулткан акчаны 5-10 жылдан кийин бизге иштегидей систем түзүү керек. Пенсиялык фондго топтолгон акчаларды активдерге жумшап, анын кирешеси менен пенсионерлердин акчасын төлөп берсе жакшы болмок. Тилекке каршы, бизде 27 жылдан бери мындай системди түзүү боюнча аракеттер көрүлгөн жок. Жакынкы күндөрдө да түзүлөрүнөн күмөн санайм", - деди Чороев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Сайдулла Нышанов, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиев, саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикири бул шилтемеде.