Маалыматка караганда, билим берүү жана айыл чарба тармагында иштеген ар бир кызматкер мамлекеттик металлургия заводуна 200 килограммдан темир тапшырууга милдеттүү. Облус жетекчилери мындай талапты аталган тармактардын сентябрь жана октябрь айлары үчүн планы катары бекитишти.
Мугалимдердин айтымында, бош убактыларында алар таштандыдан, тааныштарынын үйүнөн темир издеп, айрымдары окуучулардан жардам сурашууда.
"Азыр биз сабактардан кийин таштандылардын арасынан темир издеп жатабыз. Үйдө темирден жасалган эч нерсе калган эмес. Айрым мугалимдер окуучуларынан жок дегенде үч килограммдан алып келип берүүнү өтүнүп жатышат", - деген Йыланлы районунда иштеген мугалимдердин бири. Мындан тышкары Дашөгүз облусундагы айыл чарба кызматкерлери темир тапшыруу планын аткаруу үчүн эски техникалардын бөлүктөрүн пайдаланып, алардын темир тетиктерин ала башташкан.
Азырынча аталган кызмат мамлекеттик органдардан бул тапшырманы тактай электиги жазылат маалыматта.